Өлүм менен коштолгон инцидентти сквердин курулушуна кошуп койбоо керектигин Бишкек шаардык мэриясы эскертти. Ведомство тарабынан берилген маалыматка ылайык, окуя болгон жердеги курулуш иштерине бул кырдаалдын эч кандай байланышы жок.
Чортеков менен Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги окуя сквердин курулушу менен байланыштуу эмес
Кырдаалдын себептерин аныктоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда сотко чейинки тергөө жүрүп жатат жана болгон окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, кырдаалга себеп болгон жүктү көтөргүч (погрузчик) айдоочу скверди куруп жаткан подряддык уюм менен байланыштуу эмес жана курулуш иштеринин катышуучусу болгон эмес.








