Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) уюштуруу жана өткөрүү иштерин мамлекеттик мекемеге өткөрүп берүү анын жыйынтыктарына административдик басым жасалуу тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн. Бул тууралуу «Кутбилим» газетасына Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу ыкмаларын борборунун (ЦООМО) директору Чынара Батракеева билдирди.
Батракееванын айтымында, жыл сайын борборго жогорку кызматтуу адамдардан айрым абитуриенттердин упайларын көтөрүү боюнча телефон чалуулар түшүп турат. Кээде мындай кайрылуулар уюмду жаап коюу менен коркутуу менен коштолот.
«Мен мындай кызматта иштеп жатам, жардам бериңиз», «Мындай баланын жыйынтыгын дагы бир жолу карап чыгыңыз», «Балким, бир аз упай кошосуз», «Эгер бизди укпасаңыз, чара көрөбүз, жаап коёбуз»
Бул окуялар бир жыл эмес, көп жылдардан бери кайталанып келет. Бирок, борборго мындай талаптар боюнча расмий каттар келбейт, негизинен телефон аркылуу кайрылышат. Директор борбор кызматкерлери чиновниктердин суранычы боюнча жыйынтыктарды өзгөртпөйт деп баса белгиледи. Абитуриенттин ата-энеси депутат, жогорку кызматтуу, ишкер же жөнөкөй үй-бүлө өкүлү болсо да, баары бирдей шартта тестирлөөдөн өтүүгө тийиш.
ЖРТны мамлекеттик мекемеге өткөрүп бербөө керектигин түшүндүрүүдө Чынара Батракеева мамлекеттик органдын кызматкери жогору турган жетекчилик тарабынан жасалган басымга каршы турууда кыйналышы мүмкүн экенин айтты. Анын пикири боюнча, борбордун көз карандысыз статусу тестирлөөнүн жыйынтыктарына кийлигишүүнү болтурбоого шарт түзөт.






