Кыргызстанда мамлекеттик мүлктүн интерактивдүү картасы түзүлдү. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфирүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов билдирди.

Агенттиктин жетекчисинин айтымында, ведомство санариптештирүү процессине чоң көңүл бурууда. Мурда мамлекеттик мүлктүн реестрин түзүү жана жаңылоо үчүн 20 миллиондон 23 миллион сомго чейин каралган болсо, эми «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте модернизацияланган реестр иштелип чыкты.

Эми онлайн режимде ар кандай объект тууралуу ыкчам маалыматтарды алууга болот. Бул реестрге көз карандысыздык алган учурдан тартып бардык мамлекеттик мүлк киргизилген.
Бексултан Токонов

Учурда интерактивдүү карта тестирлөө режиминде иштеп жатат. Ал «Кадастр», Юстиция министрлиги, «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, муниципалдык кызматтар жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтары менен интеграцияланган.

Бексултан Токоновдун маалыматы боюнча, жаңы реестр жана карта 2027-жылдын январь айынан тарта толук кандуу иштөө режиминде ишке киширет. Системада мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүү же сатуу боюнча бардык маалыматтар жеткиликтүү болот.