3-июль күнү Ысык-Көл облусунда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы ишке киргизилди. Аталган аймакты Президент Садыр Жапаров расмий түрдө ачты.

Ачылуу аземине мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, чакырылган дипломаттар жана эл аралык эксперттер катышты. Ошондой эле иш-чарага эл аралык компаниялардын жетекчилери, «Тамчы» СФИТтин резиденттери жана башка коноктор келген.