Баткен шаарында дүкөндүн кассасынан 50 миң сом уурдалганы жөнүндө 22-июлда ички иштер башкармалыгына кабар түшкөн.

Ички иштер бөлүмү билдирүүсүн электрондук журналга каттап, шектүүнү таап кармоо максатында «Притон», «Автопоиск» жана «Поиск» операцияларын өткөргөн.

Оперативдүү-издөө иштеринин жыйынтыгында Кара-Бак айылынын 19 жаштагы тургуну Н.К. шектүү катары аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Азыркы учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.