Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги биргелешкен кызматташтык тууралуу макулдашууга жетишти. Бул макулдашуу кыргызстандын мыйзамдарын сактоо жана кытай жарандарынын жергиликтүү маданиятка урмат менен мамиле кылуусун камсыз кылууга багытталган.
Кызматташуу жарандардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жана коомдук туруктуулукту коргоо максатында жүргүзүлөт. Аталган уюмдар кыргыз-кытай коомчулугунун ынтымакта жашоосун камсыз кылуу үчүн биргелешип иш алып барышат.


