Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен облусу Кыргызстандагы эң жакыр аймак катары аныкталган. Эгер өлкөдө ар бир 100 адамдын 24ү кедейлик чегинен төмөн жашаса, Баткенде бул көрсөткүч дээрлик 39го жетет.
Кедейлик деңгээли (2025)
Бул маалыматтарды Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев (№2 округ) жарыялады. Ал аймакка өзгөчө макамдын негизинде бөлүнгөн жылдык каражатты 2 млрд сомго чейин көтөрүү зарылдыгын белгиледи.
Депутат Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө кайрылып, Баткен облусунун кедейлик деңгээлин эске алуу менен каржылоону көбөйтүүнү суранды. Учурда аймакка бөлүнгөн каражаттын так суммасы айтылган жок, бирок сунушталган 2 млрд сом азыркы көрсөткүчтөн бир топ жогору.










