Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президент администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө туруктуу жумуш орундарын түзүү жана кедейликти азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат. Акыркы жылдарда жалаанкы айлык акылардын жана пенсиялардын өсүшү социалдык абалды жакшыртууга өбөлгө түзгөн.

СторисКыргызстанда кедейлик деңгээли төмөндөдүСлайддар: 6
  1. Кыргызстанда кедейлик деңгээли төмөндөдү
  2. Негизги көрсөткүч. Кыргызстанда кедейлик деңгээли 2020-жылдагы 33,3%дан 2025-жылга карата 24%га чейин азайтылууда.
  3. 33,3 % — 2020-жылдагы кедейлик деңгээли
  4. 24 % — 2025-жылга карата күтүлүүчү кедейлик
  5. Эмгек акылардын өсүшү: Социалдык кызматкерлердин айлыгы 100% көтөрүлгөн; Стационардык мекемелердин кызматкерлериники 80%га өскөн; Реалдуу айлык акы 16,6%га жогорулаган
  6. Турак жай маселеси. Учурда өлкөдө 75 900 батир курулуп жатат, жылдын аягына чейин 14 миңден ашык үй ишке киргизилет.
33,3%2020-жылдагы кедейлик
24%2025-жылдагы кедейлик

Иш тармагындагы өзгөрүүлөр

2026-жылы эмгек акылардын өсүшү боюнча төмөнкү көрсөткүчтөр катталган:

29,4%жалаанкы айлык акынын өсүшү
16,6%реалдуу айлык акынын өсүшү

Ошондой эле социалдык кызматкерлердин жана стационардык мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы бир топ жогорулоосун белгиледи. Социалдык кызматкерлердин айлыгы 100%, ал эми стационардык мекемелердин кызматкерлериники 80%га көтөрүлгөн.

Пенсия жана социалдык жардам

Пенсиялардын орточо өлчөмү 11 135 сомдон 12 888 сомго чейин өскөн. Пенсияларды индексациялоо үчүн 4,4 млрд сом каралган. Төрт жыл ичинде социалдык жардам 410 миң жаранга берилген.

орточо пенсия11 135 сом12 888 сом +16%

Турак жай жана башка программалар

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери 23 190 үй-бүлө үй-жай менен камсыз болгон. Учурда өлкөдө 75 900 батир курулуп жатат. Адылбек Касымалиевдин айтымында, жылдын аягына чейин 14 миңден ашык батирди ишке киргизүү пландалууда.

Учурда өлкөдө 75 900 батир курулуп жатат. Жылдын аягына чейин 14 миңден ашык батирди ишке киргизүү пландалууда.
Адылбек Касымалиев