Улуттук банктын көзөмөл комитети төлөм системасынын оператору болуп саналган төлөм уюмуна 1 миллион 454 миң 804 сом 68 тыйын өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу мамлекеттик регулятор өзүнүн маалыматында билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө уюмдун автоматташтырылган системаларынын иштөө тартибинде жана операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышында бир нече мыйзам бузуулар аныкталган.
Мындан тышкары, эл аралык электрондук акча которууларды жүргүзүүдө кардарларды тийиштүү түрдө текшерүү талаптары бузулган. Бул мыйзам бузуулар кылмыштуулукту каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди чегерип кетүүгө каршы аракеттенүү ченемдерине байланыштуу болгон.
1 454 804 сом айып пул өлчөмү
Төлөм уюмуна салынган айып пулдын суммасы






