Кыргызстанда "Ишкердик субъекттерин текшерүү тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Бул өзгөртүүлөр санитардык-эпидемиологиялык кызматтын коомдук тамактануу жайларындагы ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган.

Демилгечилер белгилегендей, азыркы мыйзам ишкердикке болгон жүктү азайтып, жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганы менен, калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын ишин чектеп жатат.

Санэпидкөзөмөл органдарынын текшерүүлөрү негизинен алдын алуу мүнөзүндө болуп, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталганы белгиленет.

Бирок практикада төмөнкүдөй көйгөйлөр бар экени айтылат:

  • Социалдык тармактарда объектилердеги санитардык-эпидемиологиялык талаптардын одоно бузулушу тууралуу дайыма жазылып турат.
  • Калктан даттануулар келип түшкөндө жана видеолор социалдык тармактарга жайгаштырылганда, Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан плансыз текшерүүлөргө уруксат берилбейт.
  • Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуусуз жүргүзүлгөн плансыз текшерүүлөр прокуратура органдары тарабынан мыйзам бузуу катары таанылат.

Бул абал иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралгандан же зыян келтирилгенден кийин гана чара көрүүгө болорун билдирет. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызмат мындай учурлардын алдын алууга тийиш.

Жаңы мыйзам долбоору тамак-аш азыктарын өндүрүү/кайра иштетүү жана сатуу боюнча кызмат көрсөткөн субъекттерди жылдык же кварталдык текшерүү пландарын түзүүнү карайт.