2026-жылдын тогузунчу айына чейин контролдоочу органдар ишкердик субъекттерин 4 283 жолу текшерип чыгышкан. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланова Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

2692пландуу текшерүүлөр
2386плансыз текшерүүлөр
3342баш тартылган суроо-талаптар

Учурда ишкерлерди текшерүүгө мораторий жылдын аягына чейин күчүндө. Беназир Нурланованын айтымында, келечекте бул чечимди узартууну сунуштоо мүмкүн.

Финансы рынын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов мораторийдин алкагынан финансы секторун чыгарып салууну сунуштады. Анын белгилегендей, учурда мораторийдин таасиринен улам алар финансы секторун болжолдонгон жогорку тобокелдикке ээ сектор катары эсептеп, текшерүүлөрдү болгону факты боюнча гана жүргүзүшөт.

Экономика министрлиги текшерүүлөрдү каттоо иштерин прокуратурага өткөрүп берүүгө каршы эмес. Нурланованын айтымында, бул ишкерлерди коргоону күчөтөт, анткени прокуратура контролдоочу органдардын мыйзамдуулугун баалай алат.

Ошол эле учурда, Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров акыркы эки жыл ичиндеги практиканы изилдеп чыгып, каттоо учурунда мыйзам бузуулар кеткен болжол менен 15 текшерүүнү аныктаганын билдирди.