Армениянын парламентинде бүгүн депутаттар ортосунда чоң жаңжал чыкты. Sputnik Армениянын маалыматына караганда, окуя Эсеп палатасынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулоо учурунда башталган.

Бийликтеги «Жарандык келишим» партиясынын депутаты Тарон Чахоян оппозициялык «Күчтүү Армения» фракциясынын жетекчиси Нарек Карапетяндын үй-бүлөсүнө катуу сын айткан. Ал Карапетяндын бөлөсүнүн аялдардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өзүнчө министрлик түзүү сунушун эске салган.
Буга жооп иретинде Нарек Карапетян ордунан ачуу сөздөрдү айтып, трибунаны көздөй бет алган. Депутаттар ортосунда оозеки чатак чыгып, ал тез эле мушташка айланган. Башка парламентарийлер да кошулуп, жалпы күрөш башталган.
Жыйынга төрагалык кылган вице-спикер Рубен Рубинян алгач тыныгуу жарыялоодон баш тартып, болуп жаткан окуяны баары көрүшү керектигин айткан. Бирок мушташ массалык мүнөзгө өткөндөн кийин жыйынды токтотууга аргасыз болушкан.
Залга коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылып, алар мушташкандарды ажыратышкан. Армениялык маалымат каражаттарынын билдиришинче, жаңжалдын кесепетинен бир нече депутат жараат алган.
Видео кадрларда депутаттардын залдын ортосунда түртүшүп, бири-бирине кол көтөргөнү көрүнөт. Бир депутат жерге жыгылган. Жаңжал залдын сыртында да уланган.
Кийинчерээк абал тынчып, депутаттар өз кабинеттерине тарашкан.

















