Apple компаниясы дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы кызматын сунуштоону пландоодо. Apple Upgrade деп аталган бул жаңы программасы, колдонуучуларга түзмөктөрдү арендага алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Сервис iPhone, Mac, iPad жана Apple Watch сыяктуу түзмөктөрдү узак мөөнөттүү жазылуу аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берет. iPhone жана Apple Watch үчүн программалык мөөнөт 24 айдан, ал эми Mac жана iPad үчүн 36 айдан турат.

Колдонуучулар түзмөктү ай сайын төлөп, программаның мөөнөтү аяктаар алдында жаңы үлгүдөгү түзмөккө өтүүгө же кармаган түзмөгүн кайтарууга мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-аракеттерге же программаны колдонууга байланыштуу кошумча комиссиялар алынуусу мүмкүн. Ошондой эле, кызматтан пайдалануучулар кредиттик жөндөмдүүлүктү текшерүүгө да барышы керек.

Программага, ошондой эле базалык версиядагы iPad, Apple Watch SE, iPhone 16 жана MacBook Neo кирбей тургандыгы белгиленди. Бул кызмат корпоративдик жана билим берүү уюмдарына жеткиликтүү эмес.