Бүгүн, 10-июлда саат 09:00 чамасында «ХБО» суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Авариянын кесепетинен Чыгыш ЧЧК, Анкара көчөсү, Кыдыр-Аке көчөсү, Оберон көчөсү, Лев Толстой көчөсү, Аламүдүн суусу, М. Горький көчөсү, 7-апрель жана кайрадан Чыгыш ЧЧК менен чектелген аймактарда суу берүү убактылуу токтотулду.

Учурда адистер кырдаалды иликтеп, авариянын кесепеттерин жоюу иштерин баштаган. Калыбына келтирүү боюнча кошумча маалыматтар берилери күтүлүүдө.

Ранее по темеБишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу чектелди

Оңдоо иштерин жүргүзүү учурунда суу топтомосунун электр энергиясы толугу менен өчүрүлөт. Насостук жабдуулар электр энергия менен иштегендиктен суу берүү мүмкүн болбой калат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы калкка ичүүчү суу ташып жеткирүү уюштуруп жатканын кабарлады. Ишкана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады жана коомчулукту кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.