Казакстандын борбору Астанада 23-июль күнү түштөн кийин катуу нөшөрлөп жамгыр жаап, күн күркүрөп, мөндүр түшкөн.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо суу каптаган көчөлөрдө унаалар кыйынчылык менен жүрүшкөнү ачык көрүнөт.
Шаар тургундары бул окуядан кийин шаардын нөшөрлөп жамгырды агызуучу системасынын начар абалын катуу сынга алышты.






