Сулюктагы Турсун Рустамов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин директору болуп Гүлнура Мустафаевна Намазбаева дайындалды. Бул тууралуу Turmush маалыматы билдирди.

Бүгүнкү күндө жаңы мектеп директору педагогикалык жамааттын мүчөлөрү менен тааныштырылды.

Гүлнура Намазбаева мурда Сулюктагы И. Раззаков атындагы №7 орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Ал 1998-жылдан 2003-жылга чейин Баткен мамлекеттик университетинде «Орус тили жана адабияты» адистиги боюнча билим алган.