Кыргыз Республикасынын Министрлер кабиенти суунун мамлекеттик кадастры менен сууну пайдаланууну эсепке алуу жана көзөмөлдөө тартиби жөнүндө жоболорду бекитти.
Бул боюнча тиешелүү токтом №544 2026-жылдын 13-августунда кабыл алынган.
Бекитилген жоболор мамлекеттик сууну пайдалануу тартибин жана мамлекеттик суунун кадастрын жүргүзүүнүн ыкмаларын аныктайт.
Мамлекеттик органдарга бул жаңы токтомго ылайык чечимдерин тууралап, зарыл чараларды кабыл алуу милдеттендирилди.
Токтомдун ишке ашырылышы тиешелүү мамлекеттик органдардын республикалык бюджетте каралган каражаттар чегинде жүзөгө ашырылат.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күндөн соң күчүнө кирет.






