Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга туш болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн «Социалдык контракт» долбоорун улантууда.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча жалпы 7 миң 42 социалдык контракт түзүлгөн. Анда эң көп долбоорлор айыл чарбасы тармагында ишке ашырылууда.

«Социалдык контракт» программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан бери иштеп келе жатат. Бул программа колунда жок үй-бүлөлөргө өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүүгө жана туруктуу киреше аларга жардам берүү болуп саналат.

Ранее по темеМинтруд: Ачык коомдук келишимдиктер боюнча 7 мыңнан ашык үй-бүлө социалдык келишим түзүштү

Башында мамлекеттик колдоонун суммасы 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып бул сумма 150 миң сомго чейин жогоруланды. Иш жүзүндө 15 үй-бүлө жылдык кирешесин 1 миллион сомдон ашырууга жетишкен.

Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт. 2026-жылы долбоордо 13 миң 334 муктаж үй-бүлө катыша алат жана ар бири 150 миң сомдон мамлекеттик кайтарымсыз колдоону алууга мүмкүнчүлүк бар.

Мындан тышкары, министрлик «Социалдык контракт» программасынын катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасын да жигердүү жүзөгө ашырууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, бизнесин кеңейтүүдө.