Ленин райондук администрациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн иштерди улантууда. Программанын алкагында жарандарга ишкердик менен алектенүү жана өз бизнесин өнүктүрүү үчүн каражаттар бөлүнөт.
Программанын учурдагы көрсөткүчтөрү
Ишкердиктин эң көп суралган багыттарынын арасында тигүү өндүрүшү, турмуш-тиричилик жана транспорттук кызматтарды көрсөтүү, соода жана мал чарбачылыгы турат. Бул тармактар катышуучуларга туруктуу киреше табууга жана үй-бүлөсүнүн материалдык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда комиссиянын иши пландалган тартипте жүрүп жатат. Акыркы жыйында 12 билдирме каралып, алардын 8өөсү жактырылган. Жаңы контракттарды түзүү жана каражаттарды которуу үчүн керектүү документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар Ленин районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кайрылса болот.






