Өтүнүчтүн негизинде, адистер Аксай жана Адыгене көлдөрүн тынымсыз байкап турушат. Бул процесс спутниктик сүрөттөр жана дрондор аркылуу ишке ашырылууда.
Өзгөчө Тез-Тор көлү азыркы тапта эң кооптуу зоналардын бири болуп эсептелет. Анткени ал жерде бир сезондын ичинде гана өтө чоң суу көлөмү топтолушу мүмкүн.
Ыкчам кызматтардын билдирүүсүнө караганда, мүмкүн болгон коркунучтар адистердин туруктуу көзөмөлүндө турат.




