Кыргызстандын жогорку окуу жайларына гранттык негизде окуу үчүн бөлүнүп жаткан орундардын толук толтурулушу боюнча маалыматтар берилди. Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин орун басары Нарынбек Кубатбек уулу 2026-жылы гранттык орундарга 7885 абитуриент киргенин айтты.
Депутат Максат Алымбеков жакшы окуган мектеп окуучуларын колдоо жана аларды сапаттуу билим алууга шыктандыруу максатында, бардык гранттык орундарды толтурууну камсыз кылууну сунуштады.
Нарынбек Кубатбек уулу жооп катары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык орундарга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөрүн белгиледи. Ал жыл сайын бөлүнүп жаткан гранттык орундардын болжол менен 90 пайызы гана толтуруларын кошумчалады.











