Кыргызстандын кырка тоосунун түндүк капталындагы бийик тоолуу көлдөрдө сел коркунучун баалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абадан изилдөө иштерин жасады.

Изилдөөгө ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев, министрликтин адистери жана Борбор Азия университетинин окумуштуулары катышты.

Жүргүзүлгөн байкоолордо сел коркунучу жогору болгон көптөгөн көлдөр каралды, аларга Кейди-Кучкач, Чоң-Төр, Адыгине, Ак-Сай, Салык, Кулбото, Челек-Төр, Чирканак, Ат-Жайлоо-Шамшы, Көл-Төр, Туюк-Жар, Коморчөк-Түштүк, Көл-Үкөк, Зындан жана Шамшынын жогорку бөлүгүндө пайда болгон жаңы көл кирет.

Адистер көлдөрдүн, мөңгүлөрдүн жана мореналык тосмолордун абалын, суунун топтолуу көлөмүн, дарыялардын нугун жана суу топтоочу бассейндердин шарттарын изилдеп, фото жана видео материалдар топтошту.

Климаттын өзгөрүшү бийик тоолуу көлдөр жана мөңгүлөрдүн абалына терс таасир көрсөтүп жаткандыгы белгиленди.

Жыйынтыктар кооптуу жаратылыш процессин так аныктоого, сел коркунучун баалоого жана алдын алуучу чараларды өз убагында көрүүгө көмөктөшөт.