Социалдык тармактарда тараган видеожазууда чет элдик туристтердин коштоочусу болгон гиддин көзөмөлүнөн чыгып, бир турист агып жаткан тоолуу дарыяга заара кылган учурлар көрүнөт. Бул көрүнүч видеону тартышкан адамдардын нааразычылыгын жараткан.}}{ ype la
Видеодо унаасын токтоткон күбөлөр чет элдиктерди коштоп жүргөн гиддин иш-аракетине нааразы болуп, анын жоопкерсиздигин айыптышкан. Алар: «Эмне үчүн көз салып турбайсың? Аларды коштоп жүрүп, Кыргызстандын бермети болгон жерге заара кылуусуна жол берип жатасың?» — деп суроо беришкен.
Бул окуя интернет колдонуучулары арасында чоң талкууну жана нааразычылыкты жаратты.
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө таянсак, бул факт Ак-Суй райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук каттоо журналына катталган. Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.











