Telegram мессенджеринин ичинде мини-тиркемелерди, оюндарды, сурамжылоолорду жана виджеттерди иштетүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров маалымдады.

Дуровдун айтымында, бул мини-тиркемелер HTML, CSS жана JavaScript коддорунун негизинде иштейт. Алардын жардамы менен оюн ойносо болот, калькуляторду колдонсо же башка ар кандай виджеттерди колдоно алат.

Чаттын ичиндеги билдирүүлөр Telegram иштеп жатканда автоматтык түрдө жаңыланып турат. Бул колдонуучуга оюнду качан токтотсо, ошол жерден улантууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, чаттын ичиндеги операциялар үчүн төлөм системалары интеграцияланган.

Техникалык чектөөлөргө ылайык, виджеттин өлчөмү 600×600 пикселден ашпоого тийиш. Ал эми HTML, CSS жана JavaScript коддорунун жалпы көлөмү 32 КБ менен чектелген.