Кыргызстандын Граждандык авиация агенттиги TezJet авиакомпаниясынын бардык учактарынын каттамдарын убактылуу токтотту.

Мындай чара зарыл болгон текшерүүлөр бүткүчө күчүндө болот.

Бул чечим TezJet авиакомпаниясынын Бишкек — Ош каттамында катталган техникалык көйгөйдөн кийин кабыл алынды.

Ранее по темеTez Jet авиакомпаниясынын учуу лицензиясы «Манас» аэродромундагы кырсыктан кийин алынган

Белгиленгендей, аталган учак шасси бузулганы үчүн учууга чыга албай калды. Анда 181 жүргүнчү, анын ичинде 18 балдар бар болчу. Кимдир бирөө жабыркаган жок.

Ошондой эле, «Манас» аэропорту 8-июлдун таңына чейин жабык болуп, ал каттамдардын учуулары кечигип, жүргүнчүлөргө ысык тамак-аш берилди.