АКШ өкмөтү 3-августтан баштап кыргызстандыктарды да камтыган айрым өлкөлөрдүн жарандарын визалык залог системасына туруктуу кошууну пландап жатат.
Бул жаңы эреже менен виза алууну каалагандар туристтик же ишкердик максатта өтүнмө берээрде 20 миң доллорго чейин залог төлөшү керек болот.
Туруктуу визалык залог программасы өлкөдөн чет мамлекеттерге баруучулардын жоопкерчилигин күчөтүү жана визалык процессти катуу көзөмөлдөө максатында иштелип чыккан.















