Япониянын Кюсю аралынын жээгинде 7,1 магнитудадагы жер титирөө катталып, өлкөнүн метеорология кызматы бул абалды расмий түрдө тастыктады.
Бул жер титирөө болгон аймакта цунами коркунучу жарыяланды, бул тууралуу жергиликтүү телеканал NHK кабарлап жатат.
Жергиликтүү тургундарга жана сапармерлерге сак болуш сунушталууда, ошондой эле бийлик тарабынан кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп турушат.












