Нарын облусуна караштуу Ак-Талин районуна, Үгүт айылына бетон аралаштыруучу узел (БСУ) жана таш майдалагыч жабдууларын иштеп чыгуу, өндүрүү, жеткирип берүү, монтаждоо жана ишке киргизүү иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды.
Жол чарбасы департаментинин маалыматы боюнча аталган иштерге жалпы 35 миллион сом каражат бөлгөн.
Тендерге катышууну каалаган компаниялар менен жеткирүүчүлөр 28-июлга чейин өз сунуштарын тапшыра алышат.












