«Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылык коруктун кызматкерлери Нарын аймактык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен биргеликте Жумгал районунун Сон-Көл корук аймагына жакын жерлерде текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн натыйжасында суунун ичине мыйзамсыз орнотулган эски синтетикалык торлор табылды.
Аталган иш-чаралар Президенттин Жарлыгын аткарууну камсыз кылуу жана көл чөйрөсүн коргоо максатында ишке ашырылып жатат.








