Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы сырт аймагында жайгашкан Кайынды жайлоосуна баруучу көпүрөдө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул жерге келерки жылы жаңы көпүрө куруу чечилди. Бул тууралуу Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Нуридин Мадимаров Turmush агенттигине билдирди.
Малиматка ылайык, бул аймак Хан-Тенири айыл аймагына кирет жана ал жерде 12 үй жашайт. Негизинен малчылар жашаган бул аймакта 16-ноябрда кырсык болгон.
Азыркы учурда көпүрөнү иштетүү үчүн убактылуу чаралар көрүлүүдө, бирок маселени түпкүлүк менен чечүү үчүн жаңы объект курулат.

















