Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Таш-Кордо, Кайынды өрөөнүндө жол кырсыгы болду. 2026-жылдын 16-ноябрында жайлоого бараткан малчынын унаасы жыгач көпүрөдөн сырбап, өтө албай калган.
Ысык-Көл облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына таянса, унаанын ээси жабыркаган эмес. Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар күч менен унааны көпүрөдөн чыгарып алышкан.
Учурда Кайынды дарыясынын астындагы экинчи көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул иштерди Ак-Суу районунун жайыт комитети жана жергиликтүү бийлик жүргүзүүдө.












