Бишкекте төрөлгөн Айдар Акылбек уулу — кино тармагындагы үчүнчү муун өкүлү. Ал он жылдан ашык убакыт бою Кыргызстан, Чехия жана АКШ өлкөлөрүндө жарнамалык роликтер, бренддик контенттер жана документалдык тасмалар менен иштеп келген. Учурда ал Чикаго шаарында жарнамалык контент чыгаруучу студиянын негиздөөчүсү болуп саналат.
Айдардын кино тармагын тандоосуна ата-бабаларынын тагдыры чоң таасир эткен. Ал өзүнүн атасы жана чоң атасы кино тармагында иштешкендигин айтса да, алар ал кичинекей кезинде эле дүйнөдөн өтүшкөн. Алардын ишмердүүлүгү жөнүндө жакындарынан жана кесиптештеринен гана угуп келген.
- Чоң атасы Иманкул Абдыкулов «Кыргызфильм» киностудиясында тасмалардын директору болгон.
- Атасы Акылбек Абдыкулов кинооператор катары иштеген.
Режиссердин кесиптик жолу мектепте окуп жүргөндө башталыптыр. Ал физика-математика мектебинде окугандыктан, баштапкыда экономист болууну пландаган. Бирок 11-класста ал өзүнүн биринчи кыска метралуу тасмасын тартып, келечектеги максатын так аныктаган.
Азыркы учурда Айдар Акылбек уулу АКШдагы алдыңкы кино мектептердин бири болгон Лос-Анджелесдеги USC School of Cinematic Arts мектептин магистратурасында билим алууда. Ал өзүнүн эң чоң кыялы — дүйнөлүк деңгээлдеги толук метралуу тасма тартуу экенин белгилеген.

















