Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы эксперти Замир Айылчыев Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасын изилдеп, коррупцияны алдын алуу мамлекеттик башкаруунун күнүмдүк милдети болушу керек деген тыянакка келди. Ал «Кабар» агенттигине курган маегинде ар бир ведомство өз тобокелдиктерин билип, аларды азайтуунун жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартуусу зарыл экенин баса белгиледи.
Коррупцияны алдын алуу мамлекеттик башкаруунун күнүмдүк милдетине айланышы керек. Ар бир ведомство өз тобокелдиктерин билип, аларды азайтуунун жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
Адис Кыргызстандагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн ашыкча талаптарды жоюу, мөөнөттөрдү кыскартуу жана мониторингдин сунуштарын ишке ашыруу сыяктуу практикалык кадамдарды белгиледи. Бул иштер кеңештин иши аркылуу жүзөгө ашып, мамлекеттик стратегиянын алдын алуу, агартуу жана коомдук багыттарын толукташы керек.
Антикоррупциялык саясаттын натыйжасы
Айылчыев президенттин коррупцияга каршы күрөштөгү саясий эрки ушундай механизмдер менен бекемделгенде, таза экономикалык өсүүгө жана адилеттүү атаандаштыкка шарт түзүлөрүн белгиледи. Инвестор үчүн эрежелердин туруктуулугу, келишимдердин аткарылышы жана укуктардын корголушу маанилүү, ал эми жаран үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана адилет мамиле биринчи орунда турат.
Айылчыевдин айтымында, ишкерлер ашыкча тоскоолдуктарсыз иштеп, мамлекеттик кызматтар ачык көрсөтүлгөндө, коррупцияны алдын алуунун натыйжасы күнүмдүк жашоодо сезилет. Ал коррупциянын кесепеттери менен эмес, себептери менен күрөшүү зарылдыгын баса белгиледи.



















