Билим берүү министрлигинде 3-ноябрда коррупцияга каршы чаралардын аткарылышына жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү уюштурууга көз карандысыз мониторинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Мониторингге президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мониторинг тобун жетектеген эксперт Замир Айылчиев жана «Башкы Элдик көзөмөл» коомдук уюмунун өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо тартиби, жооптордун өз убагында жана сапаттуу берилиши, иштин ачыктыгы жана ички контролдун механизмдери бааланды.

2026-жылдын 9 айында кайрылуулар

1615жалпы кайрылуу
505коомдук кабылдама жана жетекчиликтин жеке кабыл алуусу аркылуу
585«Тундук» системасы аркылуу
288электрондук почта аркылуу

Мындан тышкары, президенттин администрациясынан 858, Жогорку Кеңештен 163 кайрылуу келип түшкөн.

Министрлик ар бир кайрылууну мыйзамга ылайык кароого жана белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Ошондой эле мониторингдин алкагында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү жана ведомствонун ишинин ачыктыгын жогорулатуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Замир Айылчиев жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана аныкталган көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарын берди.