Айыл чарба тармагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу үчүн биологиялык каражаттарды колдонуунун мааниси чоң экени белгиленди. Бул багыт боюнча атайын жолугушуу КУУнун студенттери үчүн өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айтымында, Министрликтин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин адистери талкуу уюштурушту. Алар химиялык препараттардан көз карандылыкты азайтуу жана органикалык өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.

Иш-чаранын алкагында студенттер биопрепараттардын түрлөрү менен таанышуу үчүн атайын көргөзмөгө барышты. Ал жерден алар практикалык маалыматтарды алууга жана адистерге суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.