Нарын шаарында 9-ноябрдан 17-ноябрга чейин «Алтын муун» аттуу жаштар жумалыгы өтүүдө. Бул иш-чара жаштардын активдүүлүгүн арттыруу, алардын коомдук турмуштагы ордун бекемдөө, биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, ошондой эле жаш таланттарды өнүктүрүүгө багытталган.

Жумалыктын программасына ар түрдүү багыттагы иш-чаралар киргизилген. Алардын ичинде интеллектуалдык, маданий жана спорттук мелдештер өткөрүлүүдө.

  • «Жигиттер форуму»
  • «Ынтымак курултайы»
  • «Көңүлдүү старттар» спорттук мелдештери
  • Сулуулук конкурсу
  • Мектеп окуучуларынын дебаттары
  • «Кинотайм»
  • Спорттук турнирлер
  • Шаарды тазалоо боюнча субботник

Turmush булагынын маалыматы боюнча, жаштар жумалыгынын жыйынтыктоочу маданий иш-чарасы 17-ноябрда өткөрүлөт.