Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев мамлекеттик каражаттын натыйжалуулугуна байланыштуу суроолорду көтөрдү. Анын айтымында, сезондун башында тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу үчүн 500 миллион сом бөлүнгөн болчу, бирок азыркы учурда канча гектар жер камтылганы жана канча дыйкан бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланганы белгисиз бойдон калууда.

Сторис500 млн сомдук сугаруу жабдыктары кайда?Слайддар: 6
  1. 500 млн сомдук сугаруу жабдыктары кайда?
  2. 500 млн сом — сугаруу жабдыктарына бөлүнгөн каражат
  3. Процесс татаал. Министрликтин орун басары жабдыктарды алуу процесси татаалдашып жаткандыгын моюнга алды.
  4. Сугаруу аймактары: 3,75 миң гектар — такталган аймак; 2,49 миң гектар — долбоорлоо иштери жүрүп жатат
  5. «Жабдууларды алуу татаалдаштырылган. Райондук агро бөлүмдөрү толук маалымат бербейт, фермерлер аны ала албай жатышат.» — Мирлан Жеенчороев
  6. Эмне талап кылынат. Депутат министрликке процедураларды жөнөкөйлөтүүнү жана толук маалымат берүүнү сунуштады.

Айыл чарба министрлигинин орун басары Бактыбек Анаркуловдун билдирүүсүнө караганда, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр такталган:

Сугаруу аймактары

3,75миң гектар (такталган)
2,49миң гектар (долбоорлоо иштери жүрүп жатат)

Орун басардын түшүндүрмөсү боюнча, мамлекет жабдууларды сатып алып, орнотууга милдеттүү, ал эми жерди айыл өкмөттөрү жана фермерлер өз алдынча камсыз кылышы керек. Бирок, так канча дыйкан жабдыкка ээ болгону боюнча так маалымат берилген жок.

Мирлан Жеенчороев жабдыктарды алуу тартиби өтө татаал болуп жаткандыгын жана райондук агро бөлүмдөрү толук маалымат бербей жаткандыгын белгиледи. Ал Айтматов районундагы фермерлердин мамлекеттик каражатты күтпөй, жабдыкты өз акчасы менен сатып алууга аргасыз болгонун айтты.

Жабдууларды алуу татаалдаштырылган. Райондук агро бөлүмдөрү толук маалымат бербейт, фермерлер аны ала албай жатышат.
Мирлан Жеенчороев

Депутат министрликке канча фермер жабдык алганы, бир гектардын орточо баасы канча экени боюнча толук маалымат берүүнү жана процедураларды жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.