Кыргыз Республикасынын Налоговый кодексине кирген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, салык кызматынын чечимдерин даттануу мөөнөтү 60 күндөн 90 күнгө чейин узартылды. Мындай өзгөртүү жарандарга жана ишкерлерге кошумча убакыт берет.
Баштапкы долбоордо мөөнөт өзгөртүүсүз калганы менен, депутат Айсаракан Абдибаева 60 күндүн ордуна 90 күн деп сунуштап, бул сунуш Кабинет министри тарабынан 18-июнда каралып, колдоо тапты.
Бул мыйзам долбоору 2-июнда Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилип, 10-июнда биринчи окууда кабыл алынган. Профильдүү комитетте 23-июнда кайра каралып, 25-июнда үчүнчү окууда кабыл алынган.
Мыйзам күчүнө кириши үчүн Президенттин колдоосу талап кылынат. Ошондой эле жаңы редакцияда «салык кызматынын органы» деген термин «салык органы» деп өзгөртүлдү.












