Кыргызстанда мамлекеттик менчиктеги жерлерди ижарага алган инвесторлор бул жерлерди залогго бере албайт. Бул боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Президенттин айтымында, ар бир ири инвестициялык долбоордун жүрүшүндө инвестордун каржылык абалы, ишкердик репутациясы жана милдеттерин аткара билүү жөндөмдүүлүгү толук текшерилет. Мамлекет аз камсыз болгон же жогорку тобокелчилиги бар компаниялар менен кызматташпай турганын белгиледи.

Жапаровдун кошумчалашынча, мамлекеттик жер участоктору жана аларга берилген ижара укуктары залогдун предмети боло албайт. Муну менен мамлекеттин мүлкү банкка же үчүнчү жактарга өтүп кетүү кооптонуу эч негизсиз экенин билдирди.

Эгер инвестор өз каражатына завод, фабрика, логистикалык борбор же башка имарат куруса, ал өзүнүн менчиги болгон бул объекттерди мыйзамга ылайык колдоно алат. Бирок, мамлекеттин жерлери мамлекеттин менчигинде кала берет.

Мындай механизмдин негизги максаты – инвестицияларды коргоо жана мамлекеттин стратегикалык кызыкчылыктарын сыйлоо. Инвестор долбоорду ишке ашырып, өндүрүштү түзүп, жаңы жумуш орундарын жаратат.

Ошол эле учурда, мамлекеттин менчигиндеги жерлердин коопсуздугу сакталат жана алар банктардын же башка тараптардын колуна өтпөйт.