Кытайдын заманбап жүк жана жүргүнчү ташуучу учагы C919 эл аралык каттамда алгачкы рейстерин баштады. Бул учак Boeing жана Airbus сыяктуу дүйнөлүк авиация рыногуна чыгууга умтулган атаандаш болуп эсептелет.
Жаңы учак күн сайын Китептин борбору Пекин менен Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарларынын ортосунда каттамдарды аткарат. Бул каттамдын ачылышы эки өлкөнүн авиация тармагында кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.








