Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекет башчы Садыр Жапаров кесиптешин 69 жашы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, түгөнбөгөн күч-кубат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды белгилеп, алар өзбек элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле, ал Шавкат Мирзиёевге эки тараптуу демилгелерди жеке колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, анын Борбордук Азияда регионалдык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү ролун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы 21-июлда Бишкекте “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин кыргыз тилиндеги басылмасынын ийгиликтүү бет ачары өткөнүн да белгиледи. Бул иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы өзбек диаспорасы катышкан.