6-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын санариптик экономикасынын жана каржы рыногунун келечегин талкуулоочу негизги аянтчалардын бири болгон FinConference 2026 мероприятиясы өттү. Иш-чаранын башкы өнөктөшү катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору болгон Банктар аралык процессинг борбору (БАРБ) чыкты.

Борбор тарабынан жаңы ELPayKG төлөм чечими сунушталды, анын өлкөдө 2027-жылы ишке киргизилиши пландалууда. Конференциянын негизги темалары киберкоопсуздук, банктар аралык антифрод системасы жана жасалма интеллект болуп саналды.

Бул багыттар каржы инфраструктурасынын өнүгүшүн аныктап, банктардын, төлөм уюмдарынын жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттерин талап кылат.

Бул багыттардын бардыгы өлкөнүн жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каржы секторун санариптештирүү, накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча коюлган милдеттерге шайкеш келет.
Алтымыш Туратбеков, ЗАО «МПЦ» («Элкарт») башкармалыгынын төрагасы

БАРБ жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күндө уюмдун ишмердүүлүгү жөн гана процессинг менен чектелбейт. Борбор банктар өз продуктуларын иштеп чыгуусу үчүн технологиялык негизди түзүп жатат, ал эми бизнес эсептешүү үчүн жаңы куралдарды, ал эми жарандар заманбап жана ыңгайлуу төлөм сервистерди алуу мүмкүнчүлүгүн алат.