Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2027-жылы ажылыкка баруунун баасы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул чечим зыяратчылардын жайгаштырылышын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Муфтияттын түшүндүрмөсүндө белгиленгендей, мурда кыргызстандык ажылар вакф мекемелери тарабынан бөлүп берилген мейманканаларга акысыз жайгаштырылып келген. Бирок бул жайлар шаардын ар кайсы жерлеринде жайгашкандыктан, аларды тейлөө жана уюштуруу иштеринде көптөгөн кыйынчылыктар жаралган.

Мурдагы мейманканалдардын шарттары талаптарга толук жооп бербегендиктен, эми ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Бул ыкма зыяратчылардын бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашуусун камсыз кылат. Бул болсо аларга зарыл учурда жардам көрсөтүүнү жана тейлөөнү жеңилдетет.

5800 доллар ажылыктын баасы

2027-жылдагы сапардын наркы

Акы төлөнүүчү жайларды тандоо ажылыктын наркынын жогорулашына негизги таасир эткен фактор экени муфтият тарабынан белгиленди.