Дүйнөлүк банк 2027-жылы Кыргызстандын экономикасы 7,3% өсөт деп божомолдоп жатат. Бул тууралуу банктын 6-октябрда жарыялаган аймактык экономикалардын келечеги боюнча отчетунда айтылат.
Бул көрсөткүч апрель айындагы 5,8% деген баадан жогору. Башкача айтканда, Дүйнөлүк банк божомолун оң жагына карай өзгөрттү.
Эмгек акынын реалдуу өсүшү
Отчеттун авторлору Кыргызстан «Европа — Борбордук Азия» аймагында эмгек акынын реалдуу өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгонун белгилешет. Буга апрель айында мамлекеттик сектордо эмгек акынын олуттуу көтөрүлүшү түрткү болгон.
Бюджеттик чыгымдар
Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-август айларында бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысына кеткен чыгым өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,8% өстү.
Эмгек акыга кеткен чыгымдар (2026-жылдын январь-август айлары)
Каржы министрлиги бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга кошумча чыгымды жылына 72 млрд сом деп баалады. Министрлик эмгек акы президенттин жарлыгына ылайык эки этап менен көтөрүлөөрүн түшүндүрдү: социалдык тармактын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-апрелинен, мамлекеттик аппарат үчүн 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылга карата кошумча каражаттын керектөөсү 54 млрд сомду түзөт.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы фондуна республикалык бюджеттен 127,9 млрд сом, жергиликтүү бюджеттерден 14,9 млрд сом, жалпысынан 142,8 млрд сом жумшалган.





