Кыргызстанда 2026/2027 окуу жылына карата 1-класска кабыл алуу жүрүп жатат. Учурда өлкө боюнча 123,7 миңден ашуун бала катталып, бирок 69,6 миңдей орун бош калууда.

Электрондук каттоо 1-апрелде башталып, биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлгөн. Азыркы учурда толтуруучу балага катталууга макулдук берген жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге катталууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бишкек шаары боюнча 23,8 миңден ашуун бала катталган. Алардын ичинен 12,7 миңдейи кыргыз тилинде окуу бөлүктөрүнө, ал эми 11,2 миңден ашуун бала орус тилиндеги класстарга киргизилген. Бишкекте азыр эки жарым миңдей орун бош.

Балдарды 1-класска кабыл алуу август айына чейин уланат. Катталуучулар 2019 жана 2020-жылдары туулган балдардан кабыл алынат.