1-ноябрдан тарта Балыкчы — Манас альтернативалуу автожолунда (Түндүк — Түштүк) унаа кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим туристтик сезондун аякташы жана күз-кыш мезгилиндеги табигый кырсыктардын коркунучунун жогорулашы менен байланыштуу.

ЖККББ айдоочуларды сапарларын алдын ала пландаштырууга жана киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырды.

Ведомство Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолундагы кыймыл качан кайра ачыларын тактаган жок.