Asman Airlines авиакомпаниясы өлкө ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдардын баасын көтөрүүнү жарыялады. Бул өзгөрүү 1-августтан тартып күчүнө кирет.

Баанын жогорулашына негизги себеп катары авиациялык күйүүчү майдын баасынын 32%га өскөнү белгиленди.

Бишкек-Ош багытындагы билет баалары 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин өзгөрүп, Бишкек–Манас каттамындагы баалар 4 100 сомдон башталып, 5 000 сомго чейин көтөрүлдү.

Баалар билеттерди кайсы күнү сатып алууга жана бош орундардын санына жараша ар башка болгону айтылды.