Материалдар: 4
Билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачёва Жогорку соттун Жогорку адилет мектебинин жетекчилиги менен жолугушуп, окуучулар ортосундагы зомбулукту алдын алуу жана билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу маселелерин карады.
Бишкекте билим берүү министрлигинде ЕСтин DARYA долбоорунун өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу болуп өтүп, башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары белгиленди. Аталган жыйында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, практикалык окутууну кеңейтүү жана кесиптик стандарттар боюнча улуттук семинарга даярдык маселелери каралды.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Корея Республикасынан келген Lambino IT компаниясынын жетекчиси Ли Су Ёнг менен жолугушуп, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү системасын реформалоо багытындагы долбоорлор, анын ичинде Бирдиктүү санарип билим берүү экосистемасы жана санарип трансформация боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Виктория Мозгачева Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары кызматын ээледи. Ал 2020-жылдан 2026-жылга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген тажрыйбалуу адис.