Материалдар: 1
Манас шаарында депутаттардан турган жумушчу топ бир нече билим берүү мекемесин текшерди. №23 мектепте санитардык абал начар экени аныкталды: короо таштандыга толуп, класстарда чаң жана тазалыктын сакталбаганы байкалды. Депутат Уларкан Бекешова балдардын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирип, мектептердин абалына көңүл бурууну талап кылды.