Материалдар: 2
Жалал-Абад облусундагы Сузаакта элге аэропорт куруу долбооруна кирген 25 турак үй жана бак-дарактар үчүн 127 миллион сом компенсация төлөнөт. Бул каражаттар 2027-жылга каралган республикалык бюджеттен бөлүнөт. Аэропорттун курулушу активдүү жүрүп, учуу тилкеси жана терминал курулууда.
Жалал-Абад облусундагы Президенттин толук өкүлү Тилек Текебаев «Акылман» лицейинин Манас шаарындагы курулушуна сереп салды. Учреждениенин курулушу сепябрга чейин толук бүтөөрү күтүлүүдө, ал эми окуу иш-чаралары 15-сентябрда башталат.